КУРМАНЖАН ДАТКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Курманжан Датка айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын кезектеги
1-отуруму
2026-жылдын 28-январы №1/9
Курманжан Датка айылдык кеңешинин типтүү регламентин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынын негизинде иштелип чыккан жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жергиликтүү кеңештин иштерин уюштуруунун жана алардын ыйгарым укуктарын ишке ашыруу максатында Курманжан Датка айылдык кеңешинин типтүү регламентин бекитүү боюнча угуп жана талкуулап Курманжан Датка айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Курманжан Датка айылдык кеңешинин типтүү регламенти бекитилсин.
2. Регламент менен тыгыз иш алып баруу жагы жооптуу катчы Г. Кимсанбай кызына тапшырылсын.
3. Бул токтом kurmanjan-datka.gov.kg сайытына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
4. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага: | Д. Камчыбек уулу |