Загрузка документа…
КУРМАНЖАН ДАТКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Курманжан Датка айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын кезектеги
1-отуруму
2026-жылдын 28-январы №1/10
Курманжан Датка айыл өкмөтүнүн 2026-жылдын 1-январына карата 2025-жылдан пайдаланылбай калган өздүк кирешенин эсебинен 422,3 (анын ичинен атайын каражат 386,3 ) миң сом калдык акча каражатын 2026-жылдын бюджетиннин киреше жана чыгаша бөлүгүнө бекитүү жөнүндө
2026-жылдын 1-январына карата жергиликтүү бюджетинин өздүк кирешесинен калган калдык акча каражатын ушул жылдын бюджетине иштетүү боюнча Курманжан Датка айыл өкмөтүнүн башчысы Ж. Орозбай уулунун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Курманжан Датка айылдык кеңешинин кезектеги 1-отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Курманжан Датка айыл өкмөтүнүн 2026-жылдын 1-январына карата 2025-жылдан пайдаланылбай калган өздүк кирешенин эсебинен 422,3 (анын ичинен атайын каражат 386,3) миң сом калдык акча каражатын 2026-жылдын бюджетиннин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн такталган планына кошумча киргизилсин.
2. Айылдык кеңешинин отурумунда талкууланган 2026-жылдын 1-январына карата 2025-жылдан пайдаланылбай калган 422,3 (анын ичинен атайын каражат 386,3 ) мин сом акча каражаты 2026-жылдын бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн сметасына кошумча киргизип берүү жагы Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Алай райондук финансы башкармалыгынан суралсын.
3. Жогорудагы бекитилген толуктоолорду өз максатында чыгымдоо жагын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы Жеңишбек Орозбай уулуна жана айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Исакова Жазгүл Насирдиновага милдеттендирилсин.
4. Бул токтом kurmanjan-datka.gov.kg сайытына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
5. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага: | Д. Камчыбек уулу |