Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Баткен шаардык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги ХI сессиясы
2025-жылдын 25-декабры № 97
Баткен шаар мэриясынын алдындагы “Базарлар дирекциясынын” мал базарынын ишмердүүлүгүнүн абалы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” №123 Мыйзамынын 27-беренесинин 1;2;3;, 34-беренесинин 2;5-пункттарына ылайык, Баткен шаарынын мэриясынын алдындагы “Базарлар дирекциясынын” муниципалдык мал базарынын учурдагы ачыктыгы жана жергиликтүү бюджетке киреше түшүрүү максатындагы, Баткен шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш иши, транспорт жана коммуналдык чарба, муниципалдык менчик, таза суу, сугат суу, айыл чарба жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусунун негизинде, Баткен шаардык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XI сессиясы токтом кылат:
1.Баткен шаарынын мэриясынын алдындагы “Базарлар дирекциясы” муниципалдык базарынын укуктук статусун тактоо жана Уставын кайра-кароо жагы Баткен шаарынын мэриясына /С.Кулубаев/ сунушталсын.
- шаардык Кеңештин кезектеги сессиясында “Базарлар дирекциясынын” укуктук статусу боюнча маалымат уктурулсун.
2.Баткен шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык “Базарлар дирекциясы” жергиликтүү бюджетке, туруктуу негизги киреше булагына жетишүү чаралары көрүлсүн;
3. “Базарлар дирекциясына” 2024-2025-жылдар үчүн түшкөн каражаттар боюнча ички аудит- анализ жүргүзүлсүн жана Баткен шаардык Кеңешинин кезектеги сессиясына маалымат берилсин.
3.Киреше чогултуу системасы толук түрдө электрондук жүгүртүүгө өткөрүлсүн.
4.Токтом шаар калкына Баткен шаардык Кеңешинин расмий сайты аркылуу жарыялансын.
5.Токтом ченемдик укуктук актылар Мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Баткен облустук башкармалыгына жөнөтүлсүн.
6.Ушул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
7.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Республика Баткен шаардык Кеңешинин Архитектура, курулуш иши, транспорт жана коммуналдык чарба, муниципалдык менчик, таза суу, сугат суу, айыл чарба жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына /Т.Ураимжанов/ жүктөлсүн
Төрага |
А.Аширов |