Загрузка документа…
ДӨБӨЛҮ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
ХХIX чакырылышынын кезектүү IX сессиясы
2025-жылдын 3-июну № 9/9
Дөбөлү айыл аймагынын Эки-Нарын айылына бала бакчанын жаңы имаратын салууга жер аянтын бөлүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамына ылайык Эки-Нарын айылына бала бакчанын жаңы имаратын салуу максатында Дөбөлү айыл аймагынын Эки-Нарын айылынын айыл башчысынын кайрылуусунун негизинде Дөбөлү айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамына ылайык Дөбөлү айыл аймагына караштуу Эки-Нарын айылынын “Жал-Арык” участкасынын №593 контурдагы “Калктуу конуштун жерлери” категориясындагы жалпы 4,0 га жер аянтынан Эки-Нарын айылына бала бакчанын жаңы имаратын салууга 20 сотых жер аянтын бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Дөбөлү айыл өкмөтүнүн башчысы К. Кудайбергеновго тапшырылсын.
Төрага: | Б. Шералиев |