Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Баткен шаардык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги ХI сессиясы
2025-жылдын 25-декабры № 99
Баткен шаарынын Кызыл-Жол аймактык башкармалыгынын Төрт-Гүл участкасындагы аянты 0,60га, 80 м2 жана 400 м22 болгон жер тилкелерин имараттары менен Баткен шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигинин карамагына кабыл алууга макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” №123 Мыйзамынын 27-беренесинин 2-пункту, 34-берененин 5-пунктуна, Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамынын 5-беренесине жана Баткен шаарынын мэриясынын 2025-жылдын 15-декабрындагы №01-12/6959 катынын, Баткен шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш иши, транспорт жана коммуналдык чарба, муниципалдык менчик, таза суу, сугат суу, айыл чарба жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусунун негизинде, Баткен шаардык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XI сессиясы токтом кылат:
1. Баткен шаарынын Кызыл-Жол аймактык башкармалыгынын Төрт-Гүл участкасындагы (Ходжаев Абдинаби ээлеп келген) аянты 0,60 га жер тилкеси имараты менен, (Ташкожоев Махамат ээлеп келген) аянты 80 м2 жер тилкеси имараты менен, (Рахматиллаева Бүүсара ээлеп келген) аянты 400 м2 жер тилкелерин Баткен шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигинин карамагына кабыл алууга макулдук берилсин.
2. Аталган жер тилкелеринин муниципалдык менчиктин карамагына кабыл алынгандыгы шаар калкына шаардык Кеңештин расмий сайты аркылуу жеткирилсин.
3. Токтом ченемдик укуктук актылар Мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Баткен облустук башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Республика Баткен шаардык Кеңешинин Архитектура, курулуш иши, транспорт жана коммуналдык чарба, муниципалдык менчик, таза суу, сугат суу, айыл чарба жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына /Т.Ураимжанов/ жүктөлсүн.
Төрага |
А.Аширов |