Загрузка документа…
Т.БАЛТАГУЛОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Т.Балтагулов айылдык кеңешинин 2-чакырылышынын кезектеги 5-сессиясынын
2025-жылдын 19-июнундагы №5/2
«Т.Балтагулов айыл аймагындагы айыл өкмөтүнүн эсебиндеги кайра бөлүштүрүү фондунун жер аянттарын сарамжалдуу пайдалануу жана жөнгө салуу жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө Мыйзамынын 27-беренесинин 15-пункутуна жана Кыргыз Республикасынын жер кодексинин 21-беренесине ылайык Т.Балтагулов айыл аймагындагы айыл өкмөтүнүн эсебиндеги кайра бөлүштүрүү фондунун жер аянттарын сарамжалдуу пайдалануу, жер пайдалануу эрежелерин жөнгө салуу максатында, айылдык кеңештин жер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссия мүчөлөрүнүн 2025-жылдын 13-июнунда өткөрүлгөн №4 отурумунун протоколундагы чечим жана сунуштарын угуп жана талкуулап, Т.Балтагулов айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Айыл аймагындагы айыл өкмөтүнүн эсебинде болгон кайра бөлүштүрүү фондунун жер аянттарын торукка (аукцион) коюлгандагы башталгыч баасы көрсөтүлгөн контурларынын негизинде 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2.Айыл аймагындагы айыл өкмөтүнүн эсебинде болгон кайра бөлүштүрүү фондунун жер аянттарын торукка (конкурс) коюлгандагы башталгыч баасы көрсөтүлгөн коэффициентеринин негизинде 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3.1-2-тиркемеде белгиленген башталгыч бааларга ылайык айыл өкмөтүнүн эсебиндеги кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерине торук өткөрүү айыл өкмөтүнүн жетекчилигине тапшырылсын.
4.Токтомду “alabuka.kg” веб-сайтына жарыялоо жана Жалал-Абад областык Юстиция башкармалыгынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик рейстрине жөнөтүү жагы, айылдык кеңештин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин жер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
Т.Хамракулов
|