Загрузка документа…
Т.БАЛТАГУЛОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Т.Балтагулов айылдык кеңешинин 2-чакырылышынын кезектеги 5-сессиясынын
2025-жылдын 19-июнундагы №5/3
«Т.Балтагулов айыл аймагынын Жапа-Салды айылындагы “Жеңиш” эс алуу сейил багын аталышы жөнүндө. »
Т.Балтагулов айыл аймагынын Жапа-Салды айылындагы “Жеңиш” сейил багына наам коюуу жөнүндө айыл тургундарынын кайрылуусунун негизинде, айылдык кеңешинин Жаштар, спорт, маданият жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссия мүчөлөрүнүн 2025-жылдын 22-апрелиндеги №2 отурумунун жыйынтыктарын жана айылдык кеңешинин депутаттарынын сунуш, ой пикирлерин угуп жана талкуулап, Т.Балтагулов айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Т.Балтагулов айыл аймагынын Жапа-Салды айылындагы сейил бакка айыл тургундарынын кайрылуусун эске алып “Жеңиш” сейил багы деп аталуусуна макулдук берилсин.
2.Сейил багынын гигиеналык абалын оң кармоо, жарыктандыруу абалына көзөмөл жүргүзүү жана жашылтандыруу иштерин алып баруу жагы айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3.Токтомду “alabuka.kg” веб-сайтына жарыялоо жана Жалал-Абад областык Юстиция башкармалыгынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик рейстрине жөнөтүү жагы, айылдык кеңештин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин Жаштар, спорт, маданият жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
Т.Хамракулов
|