Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Баткен шаардык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги ХI сессиясы
2025-жылдын 25-декабры № 102
Баткен шаарынын Базар-Башы кварталындагы И.Раззаков көчөсүндөгү 1742,0 м2 жер участогун, Баткен шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигинин карамагына кабыл алууга макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” №123 Мыйзамынын 27-беренесинин 2-пункту, 34-берененин 5-пунктуна, Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамынын 5-беренесине жана Баткен шаарынын мэриясынын 2025-жылдын 17-октябрындагы №01-12/5660 катынын, Баткен шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш иши, транспорт жана коммуналдык чарба, муниципалдык менчик, таза суу, сугат суу, айыл чарба жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусунун негизинде, Баткен шаардык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XI сессиясы токтом кылат:
1. Баткен шаарынын Базар-Башы кварталындагы И.Раззаков көчөсүндөгү 8-01-01-0005-0777 идентификациялык код менен катталган 1742,0 м2 жер участогу Баткен шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигинин карамагына кабыл алууга макулдук берилсин.
2. Баткен шаарынын Базар-Башы кварталынын аймагынан 1742,0 м2 жер участогу муниципалдык менчиктин карамагына кабыл алынгандыгы шаар калкына шаардык Кеңештин расмий сайты аркылуу жеткирилсин.
3. Токтом ченемдик укуктук актылар Мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Баткен облустук башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Республика Баткен шаардык Кеңешинин Архитектура, курулуш иши, транспорт жана коммуналдык чарба, муниципалдык менчик, таза суу, сугат суу, айыл чарба жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына /Т.Ураимжнов/ жүктөлсүн
Төрага |
А.Аширов |