Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Баткен шаардык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги ХI сессиясы
2025-жылдын 25-декабры № 103
Баткен шаарынын Кызыл-Дөң аймактык башкармалыгынын К.Турмаматов көчөсүнүн тургуну Эргешова Уулжан Зулпукаровнанын жеке менчик турак жай багытындагы жер участогунун тиешелүү бөлүгүн өзгөртүүгө макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” №123 Мыйзамынын 27-беренесинин 15-беренесинин, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 18- беренесинин 2-пунктунун жана Баткен шаар мэриясынын 2025-жылдын 18-декабрындагы №01-12/7011 катынын, Баткен шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш иши, транспорт жана коммуналдык чарба, муниципалдык менчик, таза суу, сугат суу, айыл чарба жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусунун негизинде Баткен шаардык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XI сессиясы токтом кылат:
1.Баткен шаарынын Кызыл-Дөң аймактык башкармалыгынын К.Турмаматов көчөсүндө жайгашкан Эргешова Уулжан Зулпукаровнанын турак жай багытындагы аянты ( Ж-1) 1100,0 м2 менчик жер тилкесинин ичинен аянты 280,0 м2 жер тилкесин (Ц-2 жергиликтүү маанидеги коммерциялык жана кызмат көрсөтүү аймагы) багытына өзгөртүүгө макулдук берилсин.
2.Токтом шаар калкына Баткен шаардык Кеңешинин расмий сайты аркылуу жарыялансын.
3.Токтом ченемдик укуктук актылар Мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Баткен облустук башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4.Ушул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
5.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Республика Баткен шаардык Кеңешинин Архитектура, курулуш иши, транспорт жана коммуналдык чарба, муниципалдык менчик, таза суу, сугат суу, айыл чарба жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына /Т.Ураимжанов/ жүктөлсүн.
Төрага |
А.Аширов |