Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Баткен шаардык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги ХI сессиясы
2025-жылдын 25-декабры № 104
Баткен шаарынын Чет-Булак аймактык башкармалыгынын башкы планына ылайык социалдык курулуштарды курууга калтырылган аянты 21,0 га жер тилкесинен, Баткен шаардык билим берүү бөлүмүнө административдик имарат куруу үчүн жер тилкесин бөлүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” №123 Мыйзамынын 27-беренесинин 1; 19-беренелерине, 34-берененин 5-пунктуна жана Баткен шаарынын мэриясынын 2025-жылдын 25-ноябрындагы №01-12/6495 катынын, Баткен шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш иши, транспорт жана коммуналдык чарба, муниципалдык менчик, таза суу, сугат суу, айыл чарба жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусунун негизинде, Баткен шаардык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XI сессиясы токтом кылат:
1. Баткен шаарынын Чет-Булак аймактык башкармалыгынын башкы планына ылайык социалдык курулуштарды курууга калтырылган аянты 21,0 га болгон жер тилкесинен, Баткен шаардык билим берүү бөлүмүнө административдик имарат куруу үчүн аянты 0,20 га жер тилкесин бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Токтом шаар калкына Баткен шаардык Кеңешинин расмий сайты аркылуу жарыялансын.
3. Токтом ченемдик укуктук актылар Мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Баткен облустук башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Республика Баткен шаардык Кеңешинин Архитектура, курулуш иши, транспорт жана коммуналдык чарба, муниципалдык менчик, таза суу, сугат суу, айыл чарба жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына /Т.Ураимжанов/ жүктөлсүн.
Төрага |
А.Аширов |