Загрузка документа…
ЖАЙЫЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
ЖАЙЫЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
VIII-чакырылыш,11- сессиялык отурум
2025-жылдын 08-октябрь № 36
Кезектеги IV Элдик Курултайды өткөрүү жана делегаттарды шайлоо тууралуу
Кыргыз Республикасынын “Элдик Курултай жөнүндө” 2023-жылдын 29-июнундагы Конституциялык Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Президентинин “Кезектеги IV Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө” Жарлыгына ылайык, ошондой эле кезектеги IV Элдик Курултайды өткөрүү, делегаттарды шайлоо жана координациялоо боюнча уюштуруу комитетинин 2025-жылдын 25-сентябрындагы №1 протоколу менен бекитилген календардык планына ылайык, Жайыл айылдык кеңешинин сессиясы:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жайыл айыл аймагында Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча жергиликтүү коомдоштуктардын жыйыны 2025-жылдын 1-ноябрында саат 10:00дө Алексеевка айылынын орто мектебинин актовый залында өткөрүлсүн;
- жергиликтүү коомдоштуктардын жыйынга катышуучу өкүлдөрдүн саны квотага ылайык 80 адам аныкталсын;
- жергиликтүү коомдоштуктардын өкүлчүлүктүү жыйындарын өткөрүү боюнча аймакты Алексеевка, Жайыл, Калдык, Кара-Дөбө айылдары боюнча бөлүктөргө бөлүнүсүн;
- жумушчу топтун курамы 1-тиркемеге ылайык бекитилсин;
- жарандардын жыйындарын өткөрүүнүн графиги жана жергиликтүү коомдоштуктардын жыйынынын катышуучуларынын саны , № 2 тикермеге ылайык бекитилсин
2. Жумушчу топко:
- делегаттарды шайлоону уюштуруу жана өткөрүү боюнча өз убагында графиктеги мөөнөтүнөн кечиктирбестен иш алып баруусу зарыл.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Жайыл айылдык кенешинин төрагасы К.К.Чолпонкулов жана Жайыл өкмөтүнүн башчысы Н.Е.Дженбаевага милдеттендирилсин.
Жайыл айылдык кеңешинин төрагасы |
|
Чолпонкулов К.К. |
|
| Тиркеме № 1 Жайыл айылдык кеңешинин 2025-жылдын 08-октябрындагы №36 токтомуна |
Жайыл айыл аймагында Кезектеги IV Курултайды өткөрүү жана делегаттарды
шайлоо боюнча жумушчу топтун курамы
Чолпонкулов К.К. – Жайыл айыл аймагынын
жергиликтүү кеңешинин
төрагасы, жумушчу топтун төрагасы;
Алымкулова Г.К. - жергиликтүү кеңештин жооптуу
катчысы, жумушчу топтун катчысы;
Жумушчу топтун мүчөлөрү:
Базарбаева Ч.Н. - Жайыл айылдык кеңешинин
депутаты;
Джандралиев Ч.Дж. - Жайыл айыл өкмөтүнүн
жетектөөчү адиси-юрист;
Баймонкоев Б.М. - МП” Жайыл Таза Аймак”
мүдүрү;
Сыргабаев А.С. - Жайыл айылдык кеңешинин
депутаты;
Бекдулетова Р.К. - Жайыл айылдык кеңешинин
депутаты;
Жайыл айылдык кеңешинин төрагасы |
|
Чолпонкулов К.К. |
|
| Тиркеме № 2 Жайыл айылдык кеңешинин 2025-жылдын 08-октябрындагы №36 токтомуна |
Жайыл айыл аймагынын кезектеги IV Курултайына делегаттарды шайлоо боюнча жергиликтүү коомдоштуктардын чогулушунун графиги
№ | Өткөрүлүүчү айылдын аталышы | Жооптулар | Өткөрүү күнү, сааты | Өкүлчүлүктүү жыйындын катышуучуларынын саны | Өткөрүлүүчү жер |
1 | Алексеевка айылы | Чолпонкулов К.К. –Жайыл айылдык кеңешинин төрагасы | 2025-жыл 17-октябрь саат 10:00 | 40 | Алексеевка айылынын орто мектебинин имаратында |
2. | Жайыл айылы | Сыргабаев А.С.- Жайыл айылдык кеңешинин депутаты | 2025-жыл 17-октябрь саат 14:00 | 20 | Жайыл айылынын негизги мектебинин имаратында |
3. | Кара-Дөбө айылы | Бекдулетов У.У.-Жайыл айылдык кеңешинин депутаты | 2025-жыл 20-октябрь саат 10:00 | 10 | Кара-Дөбө айылынын негизги мектебинин имаратында |
4. | Калдык айылы | Бекдулетова Рыскуль Качкыналовна- Жайыл айылдык кеңешинин депутаты | 2025-жыл 20-октябрь саат 14:00 | 10 | Калдык айылынын клубунда |
Жайыл айылдык кеңешинин төрагасы |
|
Чолпонкулов К.К. |