Загрузка документа…
Т.БАЛТАГУЛОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Т.Балтагулов айылдык кеңешинин 2-чакырылышынын кезектеги 5-сессиясынын
2025-жылдын 19-июнундагы №5/4
«Таштандыкана үчүн жер аянтын ажыратып берүү жөнүндө»
Т.Балтагулов айыл аймагында тазалыкты сактоо гигиеналык талаптарды аткаруу, турмуш-тирикчилик калдыктарын жыйноону, ташып чыгарууну жана утилдештирүүнү уюштуруу максатында Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө Мыйзамынын 27-беренесинин 11-бөлүмүнө ылайык, айылдык кеңештин жер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссия мүчөлөрүнүн 2025-жылдын 13-июнунда өткөрүлгөн №4 отурумунун протоколундагы сунуштарын угуп жана талкуулап, Т.Балтагулов айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Т.Балтагулов айыл аймагынын Баястан айылындагы бош жаткан №428-429 контурларындагы жалпы 2,75 га жер аянты таштанды таштоочу жай уюштуруу үчүн ажыратып берүүгө мыйзам чегинде макулдук берилсин.
2.Таштанды таштоочу жай уюштуруу боюнча тиешелүү иш кагаздарын даярдоо айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Кийикбаевге тапшырылсын.
3.Токтомду “alabuka.kg” веб-сайтына жарыялоо жана Жалал-Абад областык Юстиция башкармалыгынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик рейстрине жөнөтүү жагы, айылдык кеңештин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин жер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
Т.Хамракулов
|