Т.БАЛТАГУЛОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Т.Балтагулов айылдык кеңешинин 2-чакырылышынын кезектеги 5-сессиясынын
2025-жылдын 19-июнундагы №5/5
«Жер аянтын багытын өзгөртүү (трансформациялоо) жөнүндө»
Т.Балтагулов айыл аймагында калктын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн камсыз кылуу жана ишкерлерге колдоо көрсөтүү максатында айылдык кеңештин жер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссия мүчөлөрүнүн 2025-жылдын 13-июнунда өткөрүлгөн №4 отурумунун протоколунун чечиминин негизинде, айылдык кеңештин депутаттарынын сунуштарын угуп жана талкуулап, Т.Балтагулов айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Т.Балтагулов айыл аймагынын, Ак-Там айылындагы Дарбаза-Кол участкасындагы №1255 контурунан 2,0 га, Сафед-Булан айылындагы Алтын-Сай участкасындагы 0,60 га, Падек айылындагы Уч-Таш участкасындагы №277 контурунан 0,50 га, Кандиян участкасындагы №66 контурундагы 4,50 га жерди максаттык багытын өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка“Өндүрүш” багытына которууга (трансформациялоого) мыйзам чегинде макулдук берилсин.
2.Которууга (трансформациялоого) байланыштуу бардык иш-кагаздарын даярдоо айыл өкмөттүн башчысы Р.Кийикбаевге тапшырылсын.
3.Токтомду “alabuka.kg” веб-сайтына жарыялоо жана Жалал-Абад областык Юстиция башкармалыгынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик рейстрине жөнөтүү жагы, айылдык кеңештин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин жер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
Т.Хамракулов
|