Загрузка документа…
Т.БАЛТАГУЛОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Т.Балтагулов айылдык кеңешинин 2-чакырылышынын кезектеги 5-сессиясынын
2025-жылдын 19-июнундагы №5/7
«Жердин пайдалануу шартын өзгөртүү жөнүндө»
Т.Балтагулов айыл аймагынын Протиравка участкасындагы өндүрүш багытындагы жерди пайдалануу шартын өзгөртүү жөнүндө ишкер Ш.Стамбековдун арызын Т.Балтагулов айылдык кеңешинин Бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик жана жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш боюнча туруктуу комиссия мүчөлөрүнүн 2025-жылдын 2-июнунда өткөрүлгөн №4 отурумунун протоколунун чечиминин негизинде жана айылдык кеңешинин депутаттарынын сунуштарын угуп жана талкуулап, Т.Балтагулов айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Аймактык териториалдык реформага чейинки болгон Ак-Коргон айылдык кеңешинин 29.03.2023-жыл №14/3 токтому жокко чыгарылсын.
2.Протиравка участкасындагы №56 контурундагы 3, 40 га жер тилкесинин багыты өндүрүш жана логистика соода борбоору болуп өзгөрүүсүнө мыйзам чегинде макулдук берилсин.
3.Бөлүнгөн жер тилкесинин айланасынын гигиеналык абалын талаптагыдай сактоо жана архитектуралык талаптарга ылайык куруу жеке ишкер Ш.Стамбековго тапшырылсын.
4. Токтомду “alabuka.kg” веб-сайтына жарыялоо жана Жалал-Абад областык Юстиция башкармалыгынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик рейстрине жөнөтүү жагы, айылдык кеңештин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик жана жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
Т.Хамракулов
|