Загрузка документа…
Т.БАЛТАГУЛОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Т.Балтагулов айылдык кеңешинин 2-чакырылышынын кезектеги 5-сессиясынын
2025-жылдын 19-июнундагы №5/8
«Айыл аймагында Бириккен Улуттар Уюмунун азыктуулук прогграммасын ишке ашыруу жөнүндө»
Т.Балтагулов айыл аймагында Бириккен Улуттар Уюмунун Дүйнөлүк азыктуулук прогграммасын ишке ашыруу максатында аткарууга алынган иштер жөнүндө айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Кийикбаевдин берген маалыматтарын негизинде айылдык кеңешинин Бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик жана жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш боюнча туруктуу комиссия мүчөлөрүнүн 2025-жылдын 2-июнунда өткөрүлгөн №4 отурумунун протоколундагы сунуштарын угуп жана талкуулап, Т.Балтагулов айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Т.Балтагулов айыл аймагында Бириккен Улуттар Уюмунун Дүйнөлүк азыктуулук прогграммасын ишке ашыруу үчүн мыйзам чегинде 3 500 000 (үч милион беш жүз миң) сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттен ажыратып берүүгө макулдук берилсин.
2.Бөлүнгөн акчага тиешелүү документтерин тактап берүү айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Кийикбаевге жана финансы экономика бөлүмүнүн башчысы Г.Хамрабаевге тапшырылсын.
3.Токтомду “alabuka.kg” веб-сайтына жарыялоо жана Жалал-Абад областык Юстиция башкармалыгынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик рейстрине жөнөтүү жагы, айылдык кеңештин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик жана жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн
Төрага |
Т.Хамракулов
|