Т.БАЛТАГУЛОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Т.Балтагулов айылдык кеңешинин 2-чакырылышынын кезектеги 5-сессиясынын
2025-жылдын 19-июнундагы №5/9
«Акча каражатын ажыратып берүүгө макулдук берүү жөнүндө»
Т.Балтагулов айыл аймагындагы айылдарды электр току менен камсыз кылуу максатында айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Кийикбаевдин кайрылуусун негизинде айылдык кеңешинин Бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик жана жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш боюнча туруктуу комиссия мүчөлөрүнүн 2025-жылдын 2-июнунда өткөрүлгөн №4 отурумунун протоколундагы сунуштарын угуп жана талкуулап, айылдык кеңешинин депутаттарынын сунуштарын эске алуу менен, Т.Балтагулов айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Айыл аймагындагы айылдарга трансформатор сатып алуу үчүн Ала-Бука райондук өнүктүрүү фондуна 4949,8 миң сомдук долбоор даярдалсын, анын ичинен 2949,8миң сом акча каражаты Ала-Бука райондук өнүктүрүү фондуна сунушталсын.
2.Өздүк салым катары 2000,0 миң сом жергиликтүү бюджеттен мыйзам чегинде ажыратылып берүүгө макулдук берилсин.
3.Бөлүнгөн акчага тиешелүү документтерин тактап берүү айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Кийикбаевге жана финансы экономика бөлүмүнүн башчысы Г.Хамрабаевге тапшырылсын.
4.Токтомду “alabuka.kg” веб-сайтына жарыялоо жана Жалал-Абад областык Юстиция башкармалыгынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик рейстрине жөнөтүү жагы, айылдык кеңештин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик жана жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
Т.Хамракулов
|