Загрузка документа…
Т.БАЛТАГУЛОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Т.Балтагулов айылдык кеңешинин 2-чакырылышынын кезектеги 5-сессиясынын
2025-жылдын 19-июнундагы №5/10
«Т.Балтагулов айыл аймагынын 2026-2027-2028-жылдарга киреше бөлүгүнүн болжолду долбоорун бекитүү жөнүндө»
Т.Балтагулов айыл аймагынын 2026-2027-2028-жылдага карата киреше бөлүгүнүн болжолду долбоору жөнүндө айыл өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмүнүн башчысы Г.Хамрабаевдин берген маалыматтарынын негизинде Т.Балтагулов айылдык кеңешинин Бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик жана жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш боюнча туруктуу комиссия мүчөөлөрүнүн 2025-жылдын 2-июнунда өткөрүлгөн №4 отурумунун протоколунун чечиминин негизинде, айылдык кеңешинин депутаттарынын сунуштарын угуп жана талкуулап Т.Балтагулов айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Т.Балтагулов айыл аймагынын киреше бөлүгүнүн болжолдуу долбоору 2026-жылга 90157,0 миң сом, 2027-жылга 97476,6 миң сом жана 2028-жылдарга 107477,6 миң сомго бекитилсин.
2.Бекитилген болжолдуу долбоорго ылайык иш алып баруу айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Кийикбаевге тапшырылсын.
3.Токтомду “alabuka.kg” веб-сайтына жарыялоо жана Жалал-Абад областык Юстиция башкармалыгынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик рейстрине жөнөтүү жагы, айылдык кеңештин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик жана жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
Т.Хамракулов
|