Загрузка документа…
Т.БАЛТАГУЛОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Т.Балтагулов айылдык кеңешинин 2-чакырылышынын кезектеги 5-сессиясынын
2025-жылдын 19-июнундагы №5/11
« Т.Балтагулов айыл аймагында айыл чарба багытындагы эмес жерлердин салыгын эсептөө үчүн Кз зоналдык коэффициентин тармактар өлчөмүн бекитүү»
Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 27-июлундагы Салык Кодексине толуктоолорду өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү № 255 Мыйзамына ылайык, айыл аймакта жайгашкан мүлк жана айыл чарбасына арналган жер салыгын эсептөө зоналдык КЗ коэффиценттерин тармактар боюнча 0,3 төн 1,2 чейинки өлчөмдө бекитүү жөнүндө айыл өкмөттүн киреше бөлүмүнүн башчысы С.Артыкованын билдирүүсүн угуп, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 21-беренесинин 5-бөлүмүнө ылайык, Т.Балтагулов айылдык кеңешинин Бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик жана жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш боюнча туруктуу комиссия мүчөлөрүнүн 2025-жылдын 2-июнунда өткөрүлгөн №4 отурумунун протоколундагы сунуштарын угуп жана талкуулап, Т.Балтагулов айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Айыл аймагында зоналдык Кз коэффициентинин тармактар боюнча 0,3-1,2-чейинки өлчөмү тиркемеге ылайык бекитилсин. (тиркеме тиркелет)
2.Токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн чечим боюнча мыйзам чегинде иш алып баруу, айыл өкмөтүнүн жетекчилигине тапшырылсын.
3.Токтомду “alabuka.kg” веб-сайтына жарыялоо жана Жалал-Абад областык Юстиция башкармалыгынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик рейстрине жөнөтүү жагы, айылдык кеңештин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик жана жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
Т.Хамракулов
|