Т.БАЛТАГУЛОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Т.Балтагулов айылдык кеңешинин 2-чакырылышынын кезектеги 5-сессиясынын
2025-жылдын 19-июнундагы №5/13
«Т.Балтагулов айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 3-кварталынын чыгаша бөлүгүнө өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө»
Т.Балтагулов айыл өкмөтүнүн финансы бөлүмүнүн башчысы Г.Хамрабаевдин айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 3-кварталынын жергиликтүү бюджетинин сметасынын чыгаша бөлүгүнө өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндөгү билдирүүсүн Т.Балтагулов айылдык кеңешинин Бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик жана жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш боюнча туруктуу комиссия мүчөлөрүнүн 2025-жылдын 2-июнунда өткөрүлгөн №4 отурумунун протоколундагы сунуштарын угуп жана талкуулап, Т.Балтагулов айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Т.Балтагулов айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 3-кварталынын жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгүнө айылдык кеңештин бюджеттик комиссиясы менен талкуулап чыгып, чыгаша бөлүгүнүн ЖКХ бөлүмүнүн 3111 беренесинен 4320,0 миң сомду кыскартып төмөнкү беренелер боюнча ЖКХ 2512 беренесине 1300,0 миң сом, ЖКХ 2222 беренесине 1000,0 миң сом, ЖКХ 3112 беренесине 300,0 миң сом , бала бакчалар 2222 беренесине 500,0 миң сом, бала бакчалар 2221 беренесине 300,0миң сом, билим берүү бөлүмүнө 2221 беренесине 400,0 миң сом, башкаруу апаратынын 2215 беренесине 100,0 миң сом , башкаруу апаратынын 2222 беренесине 170,0 миң сом , маданият тармагынын 2215 беренесине 250,0 миң сомго өзгөртүүгө макулдук берилсин.
2.Токтомго тиешелуу документтерди тактап берүү айыл өкмөттүн финансы экономика бөлүмүнө тапшырылсын.
3.Токтомду “alabuka.kg” веб-сайтына жарыялоо жана Жалал-Абад областык Юстиция башкармалыгынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик рейстрине жөнөтүү жагы, айылдык кеңештин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик жана жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
Т.Хамракулов
|