Загрузка документа…
Т.БАЛТАГУЛОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Т.Балтагулов айылдык кеңешинин 2-чакырылышынын кезектеги 5-сессиясынын
2025-жылдын 19-июнундагы №5/14
«Жерди муниципалдык менчикке алуу жөнүндө»
Т.Балтагулов айыл аймагынын Баястан айылындагы К.Дадабаев көчөсүндөгү №121 сандуу жеке менчик жер аянтын муниципалдык менчикке алуу жөнүндө айыл тургуну Маматкулов Орифжон Мамасолиевичдин кайрылуусун жер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссия мүчөлөрүнүн 2025-жылдын 13-июнунда өткөрүлгөн №4 отурумунун протоколунун корутундусуна ылайык айылдык кеңештин депутаттарынын сунуштарын угуп жана талкуулап, Т.Балтагулов айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Баястан айылынын тургуну Маматкулов Орифжон Мамасолиевичтин К.Дадабаев көчөсүнүн №121, №301011004 жекеменчик 1233,34 м кв жер аянтына салынган мечит муниципалдык менчикке кабыл алынсын.
2.Тиешелүү болгон органдардан каттоодон өткөрүү жагы жеке менчик ээси Маматкулов Орифжон Мамасолиевичке милдеттендирилсин.
3.Токтомду “alabuka.kg” веб-сайтына жарыялоо жана Жалал-Абад областык Юстиция башкармалыгынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик рейстрине жөнөтүү жагы, айылдык кеңештин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин жер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
Т.Хамракулов
|