Загрузка документа…
Т.БАЛТАГУЛОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Т.Балтагулов айылдык кеңешинин 2-чакырылышынын кезектеги 5-сессиясынын
2025-жылдын 19-июнундагы №5/15
«Жер аянтын багытын өзгөртүү (трансформациялоо) жөнүндө»
Т.Балтагулов айыл аймагында калктын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн камсыз кылуу жана ишкерлерге колдоо көрсөтүү максатында айылдык кеңештин жер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссия мүчөлөрүнүн 2025-жылдын 13-июнунда өткөрүлгөн №4 отурумунун протоколунун чечиминин негизинде, айылдык кеңештин депутаттарынын сунуштарын угуп жана талкуулап, Т.Балтагулов айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Т.Балтагулов айыл аймагынын Кандиян участкасындагы №11 контурунан 9,50 га жер аянтын максаттык багытын өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка“Өндүрүш” багытына которууга (трансформациялоого) мыйзам чегинде макулдук берилсин.
2.Которууга (трансформациялоого) байланыштуу бардык иш кагаздарын даярдоо айыл өкмөттүн башчысы Р.Кийикбаевге тапшырылсын.
3.Токтомду “alabuka.kg” веб-сайтына жарыялоо жана Жалал-Абад областык Юстиция башкармалыгынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик рейстрине жөнөтүү жагы, айылдык кеңештин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин жер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
Т.Хамракулов
|