Редакцияот 19.06.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Т.БАЛТАГУЛОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

                                                                                                         

Т.Балтагулов айылдык кеңешинин 2-чакырылышынын кезектеги 5-сессиясынын

 

  2025-жылдын 19-июнундагы №5/16

 

«Баястан айылына курулуучу кичүү футбол аянтчасынын долбоору үчүн акча каражаты бөлүп берүү жөнүндө»

  

Т.Балтагулов айыл аймагынын Баястан айылында айыл тургундарын ден-соолугун чыңдоо жана жаштарды спортко болгон кызыгууларын артыруу максатында айыл тургундарынын элдик жыйындарда берген сунуштарын эске алып, Т.Балтагулов айылдык кеңешинин Бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик жана жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш боюнча туруктуу комиссия мүчөлөрүнүн 2025-жылдын 2-июнунда өткөрүлгөн №4 отурумунун протоколундагы сунуштарын талкуулап, Т.Балтагулов айыл аймагынын айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

 

1.Айыл аймагындагы Баястан айылына курулуучу кичүү футбол аянтчасынын долбоору үчүн 650 000 (алты жүз элүү миң) сом акча каражатын жергиликтүү бюджеттин эсебинен мыйзам чегинде бөлүп берүүгө макулдук берилсин.

2.Кичүү футбол аянтчасынын долбоорун даярдоого керектелүүчү документтерин тактап бүтүрүү жагы айыл өкмөт башчысы Р.Кийикбаевге жана бөлүнгөн акча каражатына тиешелүү документтерин тактап берүү айыл өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмүнүн башчысы Г.Хамрабаевге тапшырылсын.

3.Токтомду “alabuka.kg” веб-сайтына жарыялоо жана Жалал-Абад областык Юстиция башкармалыгынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик рейстрине жөнөтүү жагы, айылдык кеңештин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик жана жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Төрага

 

             Т.Хамракулов