Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2026-жылдын 3-февралы № 26
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги тарабынан баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду мыйзамдуу жүгүртүү чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу жана ченемдик укуктук жөнгө салуу боюнча функциялардын аткарылышын камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70, 71-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:
- Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлеринин санын 8 (сегиз) штаттык бирдикке көбөйтсүн;
- бул тескемени ишке ашыруу боюнча зарыл чараларды көрсүн.
2. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |