Редакцияот 08.12.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАЙЫЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН

ЖАЙЫЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

 

VIII-чакырым, 13-сессиялык отурум

 

2025-жылдын 08-декабры № 39

2025-2030-жылдарга карата Жайыл айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын бекитүү жөнүндө

 

2025–2030-жылдарга Кыргыз Республикасынын региондорун комплекстүү социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасына жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик адмиинистрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-39-беренелерине ылайык, Жайыл кеңеши токтом кылат:

1. 2025-2030-жылдарга карата Жайыл айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасы бекитилсин.

2. Программада камтылган иш-чаралардын аткарылышын камсыз кылуу жагы Жайыл айыл аймагынынайыл өкмөт башчысы Н.Е.Дженбаевага тапшырылсын.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Жайыл айыл кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага

 

 К.К. Чолпонкулов