Загрузка документа…
ДӨБӨЛҮ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
ХХIX чакырылышынын кезексиз XII сессиясы
2025-жылдын 1-августу № 12/3
Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде турган Алыш айылындагы “Салкын-Төр” участкасында жайгашкан мектептин имаратын жер тилкеси менен Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына мамлекеттик менчикке өткөрүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамынын 10 жана 19-беренесине ылайык жана Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын 2025-жылдын 1-августундагы №01-18/2833 катын карап чыгып жана талкуулап Дөбөлү айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Дөбөлү айыл аймагынын Алыш айылындагы “Салкын-Төр” участкасында жайгашкан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1996-жылдын 11-ноябрындагы №531 токтому менен Дөбөлү айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде турган, мектептин имаратын жер тилкеси менен Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамынын 19-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына мамлекеттик менчикке өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Дөбөлү айыл өкмөтүнүн башчысы К. Кудайбергеновго тапшырылсын.
Төрага: | Б. Шералиев |