Загрузка документа…
ДӨБӨЛҮ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
ХХIX чакырылышынын кезексиз XII сессиясы
2025-жылдын 1-августу № 12/4
Дөбөлү айыл аймагынын Тамды-Суу айылына тракторду баардык шаймандары менен алуу долбоорун кароо жөнүндө
Дөбөлү айыл аймагынын Тамды-Суу айылынын материалдык-техникалык базасын чыңдоо, айыл тургундарына айыл чарба кызматтарын көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү жана айыл чарбасындагы өндүрүмдүүлүктү жогорулатуу максатында Дөбөлү айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Дөбөлү айыл аймагынын Тамды-Суу айылынын материалдык-техникалык базасын чыңдоо, айыл тургундарына айыл чарба кызматтарын көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү жана айыл чарбасындагы өндүрүмдүүлүктү жогорулатуу максатында Дөбөлү айыл аймагынын Тамды-Суу айылына тракторду баардык шаймандары менен алуу долбоору жактырылсын.
2. Долбоорду каржылоого Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын алдында түзүлгөн өнүктүрүү фондунан 5 513 000 (беш миллион беш жүз он үч миң) сом акча каражаты суралсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Дөбөлү айыл өкмөтүнүн башчысы К. Кудайбергеновго тапшырылсын.
Төрага: | Б. Шералиев |