Редакцияот 19.07.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БАШ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Баш-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин

кезектеги XXVI сессиясы

 

2024-жылдын 19-июлу № 26/1

 

Баш-Булак айыл аймагынын Ачы айылындагы “Көгүлтүр асман” мектепке чейинки билим берүү уюмуна кошумча эки тайпа ачуу жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 21-декабрындагы №689-токтомуна ылайык Баш-Булак айыл аймагынын Ачы айылында жайгашкан “Көгүлтүр асман” мектепке чейинки билим берүү уюмуна кошумча эки тайпа ачуу боюнча карап чыгып талкуулап Баш-Булак айыл аймагынын айылдык кеңеши

ТОКТОМ  КЫЛАТ

1. Бала бакчага кошумча штаттык бирдик жагы жана кабыл алынуучу балдарга 60 (алтымыш) орунга квота берүү жагы Кара-Суу райондук билим берүү башкармалыгынан суралсын.

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы социалдык, маданий маселелер, билим берүү, саламаттыкты сактоо, тил жана каада-салт боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.

 

Төрага

 

К.Абдраев