Загрузка документа…
ДӨБӨЛҮ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
ХХIX чакырылышынын кезексиз XIII сессиясы
2025-жылдын 20-августу № 13/3
Эки-Нарын айылынын “Куюш” участкасындагы көпүрөгө Асанбеков Азамат Төлөбековичтин ысымын ыйгаруу жөнүндө
2025-жылдын 13-августунда Дөбөлү айыл аймагынын Эки-Нарын айылынын “Куюш” участкасындагы көпүрө оор жүк ташуучу техника өтүп бара жаткан мезгилде көпүрөнүн тарттырып коюлган тростору үзүлүп, Нарын дарыясына түшүп кетип, айдоочу Асанбеков Азамат Төлөбековичказа болгондугуна байланыштуу, маркумдун эмгегин эскерүү жана ысымын түбөлүктөштүрүү максатында, “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Мыйзамынын 18-беренесине ылайык Дөбөлү айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Дөбөлү айыл аймагынын Эки-Нарын айылынын “Куюш” участкасындагы көпүрөгө маркум Асанбеков Азамат Төлөбековичтин ысымы ыйгарылсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Дөбөлү айыл өкмөтүнүн башчысы К. Кудайбергеновго тапшырылсын.
Төраганын орун басары: | Б. Сүйуналиев |