Загрузка документа…
Мады айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз 14-сессиясы
ТОКТОМУ
2026-жылдын 04-февралы, №14/2
“Мады айыл аймагындагы Социализм айылынын аталышын өзгөртүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 25-апрелиндеги №65 “Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшү жөнүндө” Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-мартындагы №149 токтому менен бекитилген тартипке ылайык жана айыл тургундарынын жыйынынын протоколунун негизинде Мады айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Айылдын учурдагы аталышы Социализм деп белгиленгендигине
байланыштуу, мамлекеттик тилге ылайык “Чабак Булак” деп өзгөртүү сунушу колдоого алынып, Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясына жөнөтүлсүн.
2. Токтомдун мыйзам чегинде аткарылышы Мады айыл өкмөтүнүн башчысына
жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин
мыйзамдуулук укук, тартипти сактоо, регламент, депутаттык этика жана мандат боюнча депутаттык туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Тѳрага | К.С.Темирбаев |