Загрузка документа…
ЫНТЫМАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 08-lдекабры № 13/1
27-октябрь 2025- жылга №916-текскемеге ылайык социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларын ишке ашыруу үчүн 12,0 млн сом бюджетин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 27-октябрь №916-тескемесине ылайык Кара-Суу районунун айыл аймактарына социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларын ишке ашыруу максатында республикалык бюджеттен кошумча бөлүнгөн акча каражаты 12,0 млн сом бюджетин бекитүү боюнча Ынтымак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн ФЭБ нүн башчысы берген сунушун карап чыгып, Ынтымак айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ынтымак айыл аймагынын Правда айылындагы тратуардын жасалышына 6113,1 млн сомдук долбоор аткарууга сунушталсын.
2. Таш-Арык айылындагы спорт комплексинин проектисине 6 500,0 млн сомдук долбоор сунушталсын.
3. Ынтымак муниципалдык ишканага бөлүнгөн 1500,0 млн сом акча каражаты, Кара-Суу райондук архитектура мекемесине карыз төлөө үчүн 1350,0 млн сом акча каражаты топосъемка акысы үчүн төлөнүп берилсин.
4. Токтомду мыйзамдын талаптарына ылайык аткаруу жагы Ынтымак айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Т. Абдибаитовага милдеттендирилсин.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ынтымак айыл аймагынын айылдык кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | А.Дунаев |