Загрузка документа…
ЫНТЫМАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 08-декабры № 13/2
Ынтымак айыл аймагынын Ак-Терек айылында №1160 контурунда жайгашкан 0,71 га ыңгайсыз жер аянтынын ичинен 0,42 га, №1161 контурунда жайгашкан 1,39 га бадалдуу жайыт жер аянтынын ичинен 0,38 га жалпы 0,80 жер аянтын мамлекеттик менчикке алуу жөнүндө
Ынтымак айыл аймагынын Ак-Терек айылында №1160 контурунда жайгашкан 0,71 га ыңгайсыз жер аянтынын ичинен 0,42 га, №1161 контурунда жайгашкан 1,39 га бадалдуу жайыт жер аянтынын ичинен 0,38 га жалпы 0,80 га жер аянтын, Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 18-июлундагы №149 сандуу Жер Кодексинин 21-беренесине ылайык, Ынтымак айылдык кеңешинин айыл чарбасы, архитектура, курулуш транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиянын чечимин угуп, Ынтымак айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ынтымак айыл аймагынын Ак-Терек айылында №1160 контурунда жайгашкан 0,71 га ыңгайсыз жер аянтынын ичинен 0,42 га, №1161 контурунда жайгашкан 1,39 га бадалдуу жайыт жер аянтынын ичинен 0,38 га жалпы 0,80 га жер аянтын мамлекеттик менчикке алууга макулдук берилсин.
2. Тийиштүү документтерин даярдап берүү жагы Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясынан суралсын.
3. Токтомдун мыйзамдын талаптарына ылайык аткаруу жагы Ынтымак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жер адисине жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, Ынтымак айылдык кеңешинин айыл чарбасы, архитектура, курулуш транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | А.Дунаев |