Загрузка документа…
ЫНТЫМАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 08-декабры № 13/2-1
Ынтымак айыл аймагынын Ак-Терек айылында, №1160 контурунда жайгашкан 0,42 га, №1161 контурунда жайгашкан 0,38 га жалпы 0,80 га жер аянтына суу чыгаруучу кудук (скважина) куруу үчүн “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга макулдук берүү жөнүндө
Ынтымак айыл аймагынын калкынын социалдык муктаждыктарын чечүү максатында Ак-Терек айылында №1160 контурунда жайгашкан 0,42 га, №1160 контурунда жайгашкан 0,38 га жалпы 0,80 га жер аянтына суу чыгаруучу кудук (скважина) куруу үчүн “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жана башка багыттагы жерлер” категориясына которуу (трансформациялоо) үчүн, Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 18-июлундагы №149 сандуу Жер Кодексинин 13-беренесине ылайык, Ынтымак айылдык кеңешинин айыл чарбасы, архитектура, курулуш транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиянын чечимин угуп, Ынтымак айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ынтымак айыл аймагынын Ак-Терек айылында №1160 контурунда жайгашкан 0,42 га, №1160 контурунда жайгашкан 0,38 га жалпы 0,80 га жер аянтына суу чыгарууга кудук (скважина) куруу үчүн “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга макулдук берилсин.
2. Тийиштүү документтерин даярдап берүү жагы Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясынан суралсын.
3. Токтомдун мыйзамдын талаптарына ылайык аткаруу жагы Ынтымак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы К. Карыбековго милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, Ынтымак айылдык кеңешинин айыл чарбасы, архитектура, курулуш транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | А.Дунаев |