ЫНТЫМАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ынтымак айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз ХIII сессиясы (сегизинчи чакырылыш)
2025-жылдын 08-декабры № 13/3-1
Ынтымак айыл аймагынын Ак-Терек айылында, №1174 контурунда жайгашкан 0,50 га жер аянтына суу кампа (резервуар) куруу үчүн “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга макулдук берүү жөнүндө
Ынтымак айыл аймагынын калкынын социалдык муктаждыктарын чечүү максатында Ак-Терек айылында №1174 контурунда жайгашкан 0,50 га жер аянтына суу кампа (резервуар) куруу үчүн“Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жана башка багыттагы жерлер” категориясына которуу (трансформациялоо) үчүн, Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 18-июлундагы №149 сандуу Жер Кодексинин 13-беренесине ылайык, Ынтымак айылдык кеңешинин айыл чарбасы, архитектура, курулуш транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиянын чечимин угуп, Ынтымак айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ынтымак айыл аймагынын Ак-Терек айылында №1174 контурунда жайгашкан 0,50 га жер аянтына суу кампа (резервуар) куруу үчүн “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга макулдук берилсин.
2. Тийиштүү документтерин даярдап берүү жагы Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясынан суралсын.
3. Токтомдун мыйзамдын талаптарына ылайык аткаруу жагы Ынтымак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы К. Карыбековго милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, Ынтымак айылдык кеңешинин айыл чарбасы, архитектура, курулуш транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | А.Дунаев |