Загрузка документа…
ЫНТЫМАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 08-декабры № 13/7
Ынтымак айыл аймагынын Талаа айылында социалдык идентификациялык номери ыйгарылган 0,75 га жер аянтын коммерциялык багытка өзгөртүү үчүн “Калктуу конуш жерлери” категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга макулдук берүү жөнүндө
Ынтымак айыл аймагынын социалдык экономикалык абалын жогорулатуу максатында Талаа айылында муниципалдык идентификациялык номери ыйгарылган 0,75 га жер аянтын коммерциялык багытка өзгөртүү үчүн “Калктуу конуш жерлери” категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жана башка багыттагы жерлер” категориясына которуу үчүн, Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 18-июлундагы №149 сандуу Жер Кодексинин 14-беренесине ылайык, Ынтымак айылдык кеңешинин айыл чарбасы, архитектура, курулуш транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиянын чечимин угуп, Ынтымак айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ынтымак айыл аймагынын Чайчи айылында, №605 контурунда жайгашкан 0,75 га жер аянтына социалдык жана башка багыттагы обьектилерди куруу үчүн “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга макулдук берилсин.
2. Тийиштүү документтерин даярдап берүү жагы “Кара-Суу районунун шаар куруу жана архитектура боюнча” башкармалыгынан суралсын.
3. Токтомдун мыйзамдын талаптарына ылайык аткаруу жагы Ынтымак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы К. Карыбековго милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, Ынтымак айылдык кеңешинин айыл чарбасы, архитектура, курулуш транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | А.Дунаев |