Загрузка документа…
ЫНТЫМАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 08-декабры № 13/8
Ынтымак айыл аймагынын Жаңы-Арык айылында мамлекеттик менчиктеги №99 контурунда жайгашкан 1,0 га таза жайыт жер аянтынын ичинен 5,0 чарчы метр, №682 контурунда жайгашкан 1,3 га таза жайыт жер аянтынын ичинен 11,0 чарчы метр, №676 контурунда жайгашкан 45,0 га таза жайыт жер аянтынын ичинен 12,0 чарчы метр жалпы 28,0 чарчы метр жер аянтын бөлүп берүү жөнүндө
Ынтымак айыл аймагынын Жаңы-Арык айылында мамлекеттик менчиктеги №99 контурунда жайгашкан 1,0 га таза жайыт жер аянтынын ичинен 5,0 чарчы метр, №682 контурунда жайгашкан 1,3 га таза жайыт жер аянтынын ичинен 11,0 чарчы метр, №676 контурунда жайгашкан 45,0 га таза жайыт жер аянтынын ичинен 12,0 чарчы метр жалпы 28,0 чарчы метр жер аянтын Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 18-июлундагы №149 сандуу Жер Кодексинин 21-беренесине ылайык, Ынтымак айылдык кеңешинин айыл чарбасы, архитектура, курулуш транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиянын чечимин угуп, Ынтымак айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ынтымак айыл аймагынын Жаңы-Арык айылында мамлекеттик менчиктеги №99 контурунда жайгашкан 1,0 га таза жайыт жер аянтынын ичинен 5,0 чарчы метр, №682 контурунда жайгашкан 1,3 га таза жайыт жер аянтынын ичинен 11,0 чарчы метр, №676 контурунда жайгашкан 45,0 га таза жайыт жер аянтынын ичинен 12,0 чарчы метр жалпы 28,0 чарчы метр жер аянтын бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Тийиштүү документтерин даярдап берүү жагы “Жер ресурстары, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин” Кара-Суу филиалынан суралсын.
3. Токтомдун аткаруу жагы Ынтымак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жер адисине жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, Ынтымак айылдык кеңешинин айыл чарбасы, архитектура, курулуш транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | А.Дунаев |