Загрузка документа…
ЫНТЫМАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 08-декабры № 13/8-1
Ынтымак айыл аймагынын Жаңы-Арык айылындагы мамлекеттик менчиктеги №99 контурунда жайгашкан 5,0 чарчы метр, №682 контурунда жайгашкан 11,0 чарчы метр, №676 контурунда жайгашкан 12,0 чарчы метр жалпы 28,0 чарчы метр жер аянтына электр мамычасын отургузуу үчүн “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга макулдук берүү жөнүндө
Ынтымак айыл аймагынын Жаңы-Арык айылындагы мамлекеттик менчиктеги №99 контурунда жайгашкан 5,0 чарчы метр, №682 контурнуда жайгашкан 11,0 чарчы метр, №676 контурунда жайгашкан 12,0 чарчы метр жалпы 28,0 чарчы метр жер аянтына электр мамычасын куруу үчүн “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жана башка багыттагы жерлер” категориясына которуу (трансформациялоо) үчүн, Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 18-июлундагы №149 сандуу Жер Кодексинин 13-беренесине ылайык, Ынтымак айылдык кеңешинин айыл чарбасы, архитектура, курулуш транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиянын чечимин угуп, Ынтымак айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ынтымак айыл аймагынын Жаңы-Арык айылындагы мамлекеттик менчиктеги №99 контурунда жайгашкан 5,0 чарчы метр, №682 контурунда жайгашкан 11,0 чарчы метр, №676 контурунда жайгашкан 12,0 чарчы метр жалпы 28,0 чарчы метр жер аянтына электр мамычасын отургузуу үчүн “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга макулдук берилсин.
2. Тийиштүү документтерин даярдап берүү жагы Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясынан суралсын.
3. Токтомдун аткаруу жагы Ынтымак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы К.К. Карыбековго милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, Ынтымак айылдык кеңешинин айыл чарбасы, архитектура, курулуш транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | А.Дунаев |