Загрузка документа…
ЫНТЫМАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 08-декабры № 13/8-2
Ынтымак айыл аймагынын Жаңы-Арык айылында №676 контурунда жайгашкан мамлекеттик менчиктеги 45,0 га жайыт жер аянтынын ичинен 0,05 га жер аянтын бөлүп берүү жөнүндө.
Ынтымак айыл аймагынын Жаңы-Арык айылында №676 контурунда жайгашкан мамлекеттик менчиктеги 45,0 га таза жайыт жер аянтынын ичинен 0,05 га жер аянтын, Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 18-июлундагы №149 сандуу Жер Кодексинин 21-беренесине ылайык, Ынтымак айылдык кеңешинин айыл чарбасы, архитектура, курулуш транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиянын чечимин угуп, Ынтымак айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ынтымак айыл аймагынын Жаңы-Арык айылында №676 контурунда жайгашкан мамлекеттик менчиктеги 45,0 га жайыт жер аянтынын ичинен 0,05 га жер аянтын бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Тийиштүү документтерин даярдап берүү жагы “Жер ресурстары, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин” Кара-Суу филиалынан суралсын.
3. Токтомдун аткаруу жагы Ынтымак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жер адисине жүктөлсүн.
4 . Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, Ынтымак айылдык кеңешинин айыл чарбасы, архитектура, курулуш транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | А.Дунаев |