Загрузка документа…
ЫНТЫМАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 08-декабры № 13/8-5
Ынтымак айыл аймагынын Жаңы-Арык айылында, №118 контурунда жайгашкан 4,0 чарчы метр сугат айдоо жер аянтына электр мамычасын куруу үчүн “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга макулдук берүү жөнүндө
Ынтымак айыл аймагынын Жаңы-Арык айылында, №118 контурунда жайгашкан 4,0 чарчы метр сугат айдоо жер аянтына электр мамычасынкурууүчүн “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жана башка багыттагы жерлер” категориясына которуу (трансформациялоо) үчүн, Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 18-июлундагы №149 сандуу Жер Кодексинин 13-беренесине ылайык, Ынтымак айылдык кеңешинин айыл чарбасы, архитектура, курулуш транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиянын чечимин угуп, Ынтымак айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ынтымак айыл аймагынын Жаны-Арык айылында, №118 контурунда жайгашкан 4,0 чарчы метр сугат айдоо жер аянтына электр мамычасын куруу үчүн “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга макулдук берилсин.
2. Тийиштүү документтерин даярдап берүү жагы Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясынан суралсын.
3. Токтомду аткаруу жагы Ынтымак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы К.К. Карыбековго милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, Ынтымак айылдык кеңешинин айыл чарбасы, архитектура, курулуш транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | А.Дунаев |