Загрузка документа…
КАИНДИНСКИЙ ГОРОДСКОЙ КЕНЕШ
ПОСТАНОВЛЕНИЕ
2025-жылдын 1-октябры № 37/XIII – 4
Кайыңды шаардык кеңешинин атынан Кыргыз Республикасынын сот органдарына административдик доо коюу жөнүндө
Кайыңды шаарынын мэриясынын Кайыңды шаардык кеңешинин атынан Кыргыз Республикасынын сот органдарына 1997-жылдын 31-мартындагы № 108 “Кайыңды ш. 60 лет Октября н/ж дарегинде жайгашкан автовокзал үчүн арналган жалпы аянты 0,11 га жер бөлүп берүү жөнүндө” 2021-жылдын 23-июнундагы № 00488687 болгон, 7-07-02-0001-0902 идентификациялык коду менен жеке менчик укугу жөнүндө Панфилов райондук мамлекеттик администрациясынын токтому кабыл алынган учурдан тартып, мамлекеттик актыны жараксыз деп табуу жөнүндө административдик доо коюуну козгоо жөнүндө” катын карап чыгып, ошондой эле Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Жер кодексине ылайык, Кайыңды шаардык кеңешинин депутаттарынын сессиясы, токтом кылат:
1. Кайыңды шаардык кеңешинин атынан Кыргыз Республикасынын сот органдарына 1997-жылдын 31-мартындагы № 108 “Кайыңды ш. 60 лет Октября н/ж дарегинде жайгашкан автовокзал үчүн арналган, жалпы аянты 0,11 га жер бөлүп берүү жөнүндө” 2021-жылдын 23-июнундагы № 00488687 болгон, 7-07-02-0001-0902 идентификациялык коду менен жеке менчик укугу жөнүндө Панфилов райондук мамлекеттик администрациясынын токтому кабыл алынган учурдан тартып, мамлекеттик актыны жараксыз деп табуу жөнүндө административдик доо коюу иши жүргүзүлсүн.Административдик доо коюу менен байланышкан бардык чыгымдар Кайыңды шаарынын мэриясынын ФЭБ нө жүктөлсүн.
2. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигине жөнөтүлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө милдети Кайыңды шаардык кеңешинин агрардык,жер жана турак-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага У.Б.Абдрасулов