Редакцияот 27.01.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-СУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кочкор районунун Кара-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VIII-чакырылышынын 2-кезексиз сессиясы

 

2025-жылдын 27-январы №2/4

                                                                                                         

Кара-Суу айыл аймагында милициянын аймактык пунктуна

жер бөлүп берүү жөнүндө

 

Кара-Суу айыл аймагында милициянын аймактык пунктуна жер бөлүп берүү боюнча Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А.Карбозовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кара-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:

 

1.  Кара-Суу айыл аймагынын коомдук коопсуздугун камсыз кылуу максатында,

милициянын аймактык пунктун курууга, Дөң-Алыш айылынын Мусаалы көчөсүнүн1/1 дарегинен 0,60 га жер тилкеси бөлүнүп берилсин.

        2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Кара-Суу айыл өкмөтүнүн

башчысы А.Карбозовго милдеттендирилсин.

 

 

 Төрага

А. Молдогазиев