Загрузка документа…
Момбеков айыл айылдык кеңеши
токтом
Момбеков айыл аймагынын Момбеков кеңешинин
ХХIХ-чакырылышынын кезектеги 8-сессиясынын
2025-жылдын 15-майдагы №2
«Момбеков чек ара заставасынын имаратын куруу үчүн
1,0 га жер тилкесин ажыратып берүү жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын Улуттук Коопсуздук Мамлекеттик Комитетинин Чек Ара Кызматынын Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын башчысы Б.З.Жангазиевдин 28.04.2025-жылдагы № 157 катынын негизинде Момбеков чек ара заставасына жаңы имаратын куруу үчүн пайдаланууга өткөрүп брүү максатына 1,0 га жер тилкесин ажыратып берүү жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап Момбеков айылдык кеңешинин ХХIХ-чакырылышынын кезектүү 8-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кыргыз Республикасынын Улуттук Коопсуздук Мамлекеттик
Комитетинин Чек Ара Кызматынын Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын башчысы Б.З.Жангазиевдин 28.04.2025-жылдагы № 157 каты аткарууга алынсын.
2.Момбеков Чек Ара заставасына имарат куруу үчүн Момбеков
айылынан айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондусунун жеринен № 120 контурунан 1,0 га сугат айдоо жер аянты ажыратылып берилсин.
3.“Айыл чарба жерлери” категориясынан “Өнөр жайынын,
транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер”категориясына которууга (тарнсформациялоого) макулдук берилсин.
4.Жер аянтын которууда (трансформациялоодо) тийиштүү иш
кагаздарын даярдоо жагы райондук шаар курулушу жана архитектура башкармалыгынан жана “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Ноокен райондук филиалынан суралсын.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин
агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясы жана айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басарына милдеттендирилсин.
Төрага : Абдыразак уулу И