Редакцияот 21.02.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-СУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кочкор районунун Кара-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VIII-чакырылышынын 3-кезексиз сессиясы

 

2025-жылдын 21-февралындагы №3/3

                                                                                                         

Кара-Суу айыл аймагындагы кайра бөлүштүрүү (ФПС) жерлерин аукцион-конкурс түрүндө берүү боюнча комиссия курамын бекитүү жөнүндө

 

            Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 22-июнундагы №243-токтому менен бекитилген айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү тууралу Жобого ылайык, жер адиси Э.Токтоналиевдин ФПСтин жерлерин аукцион-конкурс түрүндө берүү боюнча комиссия курамын бекитүү жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, Кара-Суу айыл аймагынын айылдык Кенеши токтом кылат:

 

1.    Кара-Суу айыл аймагынын  кайра бөлүштүрүү (ФПС) жерлерин аукцион-конкурс түрүндө берүүдө төмөндөгүдөй комиссия курамы түзүлүп жана бекитилсин.

1. Сапарбек уулу Кенжебек- айылдык кеңештин депутаты, комиссиянын төрагасы

2. А.Эсенаманов- айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы, комиссиянын катчысы

3. Б.Жолдошбек уулу- айыл өкмөтүнүн орун басары, комиссиянын мүчөсү

4. Бакыт Илиясов- РАӨБ өкүлү, жетектөөчү адис, комиссиянын мүчөсү

5. Э.Токтоналиев- жер, агрардык жайыт жана айыл чарбасы, ирригация маселелери боюнча адис,   комиссиянын мүчөсү    

6. Д.Муктар уулу-  жер, таштанды, муниципалдык менчикти башкаруу маселелери боюнча башкы адис, комиссиянын мүчөсү

7. Ж.Койчуманов- айылдык кеңештин депутаты, комиссиянын мүчөсү

8. К.Тиленбаев- айылдык кеңештин депутаты, комиссиянын мүчөсү

9. Т.Садыралиев- айылдык кеңештин депутаты, комиссиянын мүчөсү

10. С.Бейшенбеков- айылдык кеңештин депутаты, комиссиянын мүчөсү

11. М.Медербеков -Орток айылынын айыл башчысы, комиссиянын мүчөсү

12. Ж.Тобокелов - Ак-Талаа айылынын айыл башчысы, комиссиянын мүчөсү

13. А.Туларбек уулу- Комсомол айылынын айыл башчысы, комиссиянын мүчөсү

14. А.Эмил уулу- Дөң-Алыш айылынын айыл башчысы, комиссиянын мүчөсү

15. К.Жумакунов- Кара-Мойнок айылынын айыл башчысы, комиссиянын мүчөсү

16. О.Чоюбеков- Кызыл-Дөбө айылынын айыл башчысы, комиссиянын мүчөсү

17. М.Садыков- Мантыш айылынын айыл башчысы, комиссиянын мүчөсү

 

    2. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы тиешелүү туруктуу комиссияга тапшырылсын.

 

 

 

 Төрага

А. Молдогазиев