Редакцияот 21.02.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-СУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кочкор районунун Кара-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VIII-чакырылышынын 3-кезексиз сессиясы

 

2025-жылдын 21-февралындагы №3/4

                                                                                                         

Кара-Суу айыл аймагынын Мантыш айылына кичи футбол аянтчасын курууга жер бөлүп берүү жөнүндө

 

 

            Кара-Суу айыл аймагынын Мантыш айылына түрткү берүүчүү грант менен кичи футбол аянтчасын курууга жер бөлүп берүүбоюнча жер адис Э.Токтоналиевдин кайрылуусун  угуп жана талкуулап, Кара-Суу айыл аймагынын айылдык Кенеши токтом кылат:

 

1.    Кара-Суу айыл аймагынын Мантыш айылына түрткү берүүчүү грант менен кичи футбол аянтчасын курууга, Кара-Суу айыл өкмөтүнүн имаратынын түштүк жагындагы муниципалдык жерден 0,15 га жер аянты бөлүнүп берилсин.

2.    Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы А.Карбозовго милдеттендирилсин.

 Төрага

А. Молдогазиев