Редакцияот 21.02.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-СУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кочкор районунун Кара-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VIII-чакырылышынын 3-кезексиз сессиясы

 

2025-жылдын 21-февралындагы №3/5

                                                                                                   

Кара-Суу айыл аймагында жумушсуздарды жумуш менен камсыз кылуу жөнүндө

 

 

            Кочкор райондук социалдык өнүгүү башкармалыгы менен биргеликте Кара-Суу айыл  аймагында жумушсуздарды жумуш менен камсы кылуу боюнча боюнча социалдык коргоо адиси Г.Талгарбекованын билдирүүсүн  угуп жана талкуулап, Кара-Суу айыл аймагынын айылдык Кенеши токтом кылат:

 

1.    Кара-Суу айыл  аймагында жумушсуздарды жумуш менен камсыз кылуу

максатында, Кара-Суу айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен (2215 беренесинен) 70 000 (жетимиш миң) сом акча каражаты, тиешелүү тарпка которулуп берилсин.

 

2.    Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы А.Карбозовго милдеттендирилсин.

 Төрага

А. Молдогазиев