Редакцияот 06.03.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-СУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кочкор районунун Кара-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VIII-чакырылышынын кезексиз 4-сессиясы

 

2025-жылдын 6-мартындагы №4/1                                                                                                   

2025-жылга карата жазгы айдап себүү жана күзгү оруу жыйуу жумуштарына  кызмат көрсөткөн техникалардын кызмат акыларын бекитүү жөнүндө

 

Кара-Суу айыл аймагынынын дыйкан-фермерлерине  2025-жылга карата жазгы айдап себүү жана күзгү оруу жыйуу жумуштарына кызмат көрсөткөн техникалардын кызмат акылары боюнча Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А.Карбозовдун сунушун угуп жана  талкуулап Кара-Суу айыл аймагынын   айылдык кеңеши токтом кылат:

                         

        1. Кара-Суу айыл аймагынынын дыйкан-фермерлерине  2025-жылга карата жазгы айдап себүү жана күзгү оруу жыйуу жумуштарына кызмат көрсөткөн техникалардын кызмат акылары төмөндөгүдөй болуп бекитилсин:

 

-Айдоо (соко) 1 га. 1800-2000 сом,  25 литр күйүүчү май.

-Малалоо бир сыйрасы 1га. 700 сом, 10 литр күйүүчү май.

-Планировка 1га. 700 сом, 10 литр күйүүчү май.

-Себүү (сеялка) эки сыйрасы 1 га. 1000 сом, 15 литр күйүүчү май.

-Арык тартуу узундугуна карабай  250 сом, 3 литр күйүүчү  май.

 -Эгин чабык (комбайн) 1 га. 2000  сом, 25 литр күйүүчү май.

-Чөп чабык 1га. 1500 сом, 10 литр күйүүчү май.

-Чөп таңгактоо бир даана таңгак 10 сом, 1га. жер аянтына 10 литр күйүүчү май.

-Эгин, чөп, саман тартып жеткирүү 1 рейсине 600 сом,  күйүүчү май алыстыгына жараша.

 

       2. Бул токтомду жетекчиликке  алып аткаруу жагы Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А.Карбозовго милдеттендирилсин.

 

 

  Төрага

А. Молдогазиев