Загрузка документа…
Момбеков айыл айылдык кеңеши
токтом
Момбеков айыл аймагынын Момбеков кеңешинин
ХХIХ-чакырылышынын кезектеги 9-сессиясынын
2025-жылдын 18-июньдагы №3
«Ветеринардык сервиздин малдарды эмдөө үчүн 2025-жылга
карата кызмат акысын бекитүү жөнүндө»
Момбеков айыл өкмөтүнүн ветеринардык иснпектору А Орозовдун маалыматын угуп жана талкуулап, Момбеков айылдык кеңешинин ХХIХ-чакырылышынын кезексиз 9-сессиясынын
токтом кылат:
1.Момбеков айыл өкмөтүнүн ветеринардык инспектору А Орозовдун
маалыматы иэске алынсын.
2.Ветеринардык сервисдин малдарды эмдөө үчүн кызмат акысы
төмөндөгүдөй болуп бекитилсин:
-Кара малга бир баш 80 сом
-Кой, эчкиге бир баш 30 сом
-Жылкыга чип басуу бир баш 150 сом
-Кар малга бирка басуу бир баш 80 сом
-Жылкыгыа ийне саюу, кан алуу бир баш 70 сом
-Тоок бир баш 10 сом
3.Айыл аймагындагы менчик мал багарларга мал жандыктарын
алууда малдын эмделгендиги тууралуу ветеринардык инспекторлордон Ф1-а маалымат тактамасын алып, менчик мал багарларга тапшыруу жагы айыл тургундарына жүктөлсүн.
4.Ветеринардык сервиздин малдарды эмдөө үчүн жана менчик мал
багарлардын бекитилген кызмат акысы боюнча маалыматты жер-жерлерде менчик мал багарларга жана айылдын тургундарына жеткирүү жагы жеке ветеринардык инспекторлорго жана айыл башчыларына жүктөлсүн.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы агрардык маселелер
боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн орун басары З. Тиллабаевге жүктөлүн.
Төрага : Абдыразак уулу И