Загрузка документа…
КАРА-БАЛТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 28-ноябры № 48
Кара-Балта шаарын 2026-жылга өнүктүрүү программасын ишке
ашыруу боюнча иш-чаралар планы жөнүндө
2021-жылдын 20-октябрындагы «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» № 123 Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесине жана Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине ылайык, ошондой эле 2025-жылдын 25-ноябрындагы № 01-5/3595 Кара-Балта шаардык мэриясынын катынын негизинде Кара-Балта шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Балта шаарынын 2026-жылга карата өнүктүрүү программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы бекитилсин.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинежөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет, муниципалдык менчик, экономика, финансы жана инвестиция боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына, ошондой эле Кара-Балта шаарынын мэри – Салмурбек уулу Азатка жүктөлсүн.
___________________
Таркатылсын: көктөмөгө, Кара-Балта шаарынын мэриясына, КР ЮМга.
Кеңештин төрагасы | М.Дуйшеналиев |