Редакцияот 06.03.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-СУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кочкор районунун Кара-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VIII-чакырылышынын кезексиз 4-сессиясы

 

2025-жылдын 6-мартындагы №4/2                               

                                                                    

Кара-Суу айыл аймагынын тургундарынын төрт түлүк малын 2025-жылга жазында жайлоого чыгаруу, күзүндө көчүп келүү графиги жана баккан мал  үчүн, бадачылардын эмгек акыларын бекитүү жөнүндө

 

Кара-Суу айыл аймагынын тургундарынын төрт түлүк малын 2025-жылга жазында жайлоого чыгаруу, күзүндө көчүп келүү графиги жана баккан мал үчүн,  бадачылардын эмгек акылары боюнча Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А.Карбозовдун сунушун угуп жана   талкуулап Кара-Суу айыл аймагынын   айылдык кеңеши токтом кылат:

       1.1. Кара-Суу айыл аймагынын тургундарынын төрт түлүк малын жайлоого алып чыгып багып келүүдө, мал баккан бадачылардын эмгек акылары төмөндөгүдөй болуп бекитилсин:

       -Кой, козу. 1 башка, 80 сомдон.

       -Эчки, улак. 1 башка, 80 сомдон.

        -Уй, торпок. 1 башка, 600 сомдон (саандарына мал ээси менен бадачынын 

         макулдашуусу).

        -Жылкы, тай. 1 башка, 600  сомдон (саандарына жана мингичтерине мал ээси менен бадачынын макулдашуусу).

        1.2. Жайлоого Кара-Суу айыл аймагынан башка, сырттан мал алынбасын.

 

        2.1. Кара-Суу айыл аймагынынын тургундарынын төрт түлүк малын багуучу бадачыларга 2025-жылдын 20-апрель күнүнөн калбай жайыттарга көчүү жагы эскертилсин.

       2.2. Жар-Таш жана Үч-Эмчек жайытындагы төрт түлүк малын багуучу бадачыларга 2025-жылдын 25-май күнүнөн калбай жайыттарга көчүү жагы эскертилсин.

       2.3. Жайыттарды жакшыртуу планына ылайык Жар-Таш жана Үч-Эмчек жайыттары үч жылга мал киргизбөө боюнча мараторий жарыялансын.

        3. Айдоо аянт жерлеринин корук иштери 2025-жылдын 20-апрель күнүнөн башталсын. Жайлоодон көчүп келүү 2025-жылдын 1-октябрына белгиленсин.

 

       4. Бул токтомду жетекчиликке алып  аткаруу жагы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А.Карбозовго милдеттендирилсин.

 

 

 

 

  Төрага

А. Молдогазие