Загрузка документа…
КАЙЫҢДЫ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 17-октябры № 40/XIV – 1
Кайыңды шаарынын мэриясынын 2025-жылдын 4- кварталынын жыйынтыгы менен бюджетке ашыкча түшкөн акча каражаттарынын бөлүштүрүлүүсү жөнүндө
Кайыңды шаарынын мэриясынын 2025-жылдын 9-айынын жыйынтыгы менен бюджетке ашыкча түшкөн акча каражаттарынын түшкөнүнө байланышту, Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 16-майындагы № 59 Бюджет кодексинин 13-беренесинин негизинде, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 “ Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34 – беренесинин негизинде, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 27-октябрындагы № 125 “Мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамынын 21- беренесинин, 8 - пунктунун негизинде, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022 - жылдын 1- августундагы № 266 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматкерлерине жана муниципалдык кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө” Жарлыгына ылайык, Кайыңды шаарынын мэриясынын “Кайыңды шаарынын мэриясынын 2025-жылынын 9-айынын жыйынтыгы менен өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү” жөнүндө кайрылуусун карап чыгып, Кайыңды шаардык кеңешинин депутаттарынын сессиясы,токтом кылат:
1. Кайыңды шаарынын мэриясынын 2025-жылдын 4 – кварталына карата бюджетинин киреше бөлүгү- 48309,7 миң сомго көбөйсүн.
2. Кайынды шаарынын мэриясынын бюджетинин 2025-жылдын 4 - кварталынын жыйынтыгы менен ашыкча түшкөн акча каражаттары төмөнкү беренелерге жумшалсын:
- 70111 беренеси – “Аппарат” бөлүмү боюнча чыгаша бөлүгү – 22438,3 миң сом.
- 70629 беренеси “ММБ” - 5576,8 миң сом
- 3112 беренеси “Библиотека китеп фонду” – 37,7 миң сом
- 70911 беренеси “Улыбка” бала бакчасы – 17603,3 миң сом
- 70921 беренеси “Мектептер” – 1819,8 миң сом
- 70823 беренеси “Маданият бөлүмү” – 183,9 миң сом ар кандай иш -чараларды өткөрүүгө
- “Социалдык коргоо” беренеси – 150,0 миң сом
- “Каинды – Сервис” муниципалдык ишканасына – 500,0 миң сом субсидия берүүгө
3. Кайынды шаарынын мэриясынын, Кайынды шаардык кеңешинин, Кайыңды шаарынын мэриясынын китепканасынын кызматкерлерине жана Кайыңды шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик бөлүмүнүн муниципалдык кызматкерлерине күзгү-кышкы жылытуу мезгилине даярдануу максатында бир эмгек акынын өлчөмүндө акча каражаты бөлүнүп берилсин
Төрага У.Б. Абдрасулов