Загрузка документа…
КАЙЫҢДЫ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 17-октябры № 41/XIV –2
Кайыңды шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик бөлүмүнүн балансында турган, мурдагы ААК “Кайынды эт комбинатына” жана мурдагы ОсОО “Жумадилге” тиешелүү болгон жер тилкелерин жана мүлк имараттарын ижарага берүүгө макулдук берүү жөнүндө
Кайыңды шаарынын экономикалык өнүгүүсүн камсыз кылуу, ошондой эле инвестицияларды, гранттарды тартуу жана жергиликтүү бюджетти толтуруу максатында, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 27-беренесинин 2-пунктуна, 34-беренесинин 2-бөлүгүнүн 5-пунктуна, «Кыргыз Республикасынын муниципалдык менчик жөнүндө» Мыйзамынын 19-беренесине ылайык жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы № 571 токтому менен бекитилген “Муниципалдык менчиктеги жер участокторуна менчик же ижара укугун акы төлөнүүчү берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө” жобонун негизинде, Кайыңды шаарынын мэриясынын “Кайыңды шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик бөлүмүнүн муниципалдык менчигиндеги, мурдагы ААК “Кайыңды эт комбинаты” жана мурдагы ОсОО “Жумадилге” тиешелүү болгон жер тилкелерин жана мүлк имараттарын ижарага берүүгө макулдук берүү жөнүндө” катын карап чыгып, Кайыңды шаардык кеңешинин депутаттарынын сессиясы токтом кылат:
Төрага У.Б. Абдрасулов